www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун, 18-январда Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов Беларустун Элдик чогулушунун өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Э.Ибраимов В.Андрейченкону Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин юбилейлик датага карата куттуктоо катын жолдоду.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун алкагында да, Евразия мейкиндигиндеги эл аралык парламенттик уюмдардын алкагында да, парламенттер аралык кызматташуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Беларусь парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы В.Андрейченко Беларусь тарап кыргыз-беларусь мамилелерин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурарын баса белгиледи. Буга байланыштуу кызматташууну, биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөсүн жогорулатуу зарыл. Буга байланыштуу ал бүгүнкү күндө өткөн жылы 1,5 эсеге өскөн товар жүгүртүү тенденциясы байкалып жатканын эске алуу менен, биринчи кезекте соода-экономикалык жактан кызматташууну арттыруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Н.Шакиевдин Беларуска быйылкы жылы расмий сапарын уюштуруу жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жана Беларустун Улуттук чогулушунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу маселеси талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости