www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-майда түндө Бишкектеги Октябрь районунун мобилдик командасы ӨКМ, РИИБ, Санитардык-экологиялык инспекция жана акимиаттын кызматкерлери менен бирге “Ганбей” түнкү клубу иштеп жатканын аныкташты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, түнкү клуб пандемия жана жалпы карантинге карабай иштеп, кардарлар эс алып жүрүшкөн. Мындан тышкары “Арена” футбол талаасы да өз ишин улантып жаткан. Аталган жайлар жабылып, Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо 2-категориядагы айып пул (физикалык жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом салууга алып келет) боюнча протокол түзүлдү.

Шаардык мэрия ишкерлерди жана жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости