www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетте Бишкектин Кайгуул милициясы автоунаасы менен мотоциклчен адамдын артынан үйүнө чейин барып, ошол маалда короодон эки ит чыга калып, аларды кууган видео тарады.

Видеороликтин алгачкы бөлүгү иттер милиционерлерди кууп бара жаткан жеринен бүтөт. Андан соң интернетте популярдуу болуп кеткен табыт көтөргөн ганналык бийчилердин видеосу уланат. Бул кадрлар Кыргызстанда гана эмес, россиялык Telegram-тайпаларда дагы тарады.

Колдонуучуларда "милиционерлерди ит тиштеген жокпу" деген суроо туулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 11-май күнү саат 20:15те болгон. Белгилеген аймакта нөөмөттө турган милиция кызматкерлери карантин учурунда көчөдө жүргөн мотоциклчендин документин текшерүү үчүн артынан барышкан. Бирок ал кирип кеткен короонун эшиги ачык калып, иттер чуркап чыккан.

"Инспекторлор коопсуздук үчүн автоунаага чуркап киришкен. Эч ким жабыркаган жок. Алар видеодогу жарандын документин текшергенден соң өз иштерин улантышкан",-деп айтылат билдирүүдө. 

Кийин жарандык активист Максим Золотых YouТube тармагына окуянын “Карантинде документти кантип текшеришет” деп аталган толук видеосун жүктөдү. Анда көрүнүп тургандай, инспекторлор чындап эле автоунаасына барып отурат. Ээсинин көрсөтмөсүнөн уламбы, айтор, иттер кызмактерлерге жулунган эмес. 

Инспекторлор анын документин текшерип жатканда милиция формасын кийген дагы бир киши жеке автоунаасы менен келип калат.

Үй ээси инспекторлор менен болгон сүйлөшүүсүн жаздыруу үчүн камераны алганы үйгө кирип чыкканда, милиционерлер башка чакырууга шашып жатканын айтып, кетип калышат. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости