www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алып баруучу, блогер Назира Айтбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына энергиялуу жана энергиясыз адам кандай болоорун жазып чыкты.

"Бир адамды караганда энергиясынан эле кандай адам экенин байкоого мүмкүн. Энергиялык жактан эки адам төп келүүсү абдан маанилүү экен.

Эркектин энергиясы чоң бирок аялдыкы кичинекей болуп калса, эркек кадимкидей жүдөө тартып баштайт жана өзүнүн энергиясына жакын аялдарды издейт. Аялдын энергиясы күчтүү болуп, эркектики алсыз болсо, кадимкидей эркек чүнчүйт. Бийлик дароо аялга өтөт. Бирок ошол эле чүнчүгөн эркек өзүнүн энергиясына жакын, өзүнөн алсызыраак аял алса, ал кадимкидей эркектигин көргөзүп, үнү өктөм чыгып, бийликти колго алат. Эркек катары ачылат.

Энергиясы күчтүү аял андан дагы күчтүү эркекке жолуга турган болсо, мурункудай айбатын көргөзгөн жолборс болбойт. Мыйоолоп астейдил басып, мышык түгүл мыйга айланып, аял катары ажары ачыла түшөт. Ошон үчүн карама каршы жыныстагы адам менен турганда кадимкидей аны изилдөө инстинкти иштей баштайт.

Башка аялдарды билбейм, бирок менин учурумда ошондой. Күчтүү энергия сезсем, кылыктанып, ичиңдеги кыз ойгонуп, кыр көргөзө баштайт экенмин.

Алсыз бирөө турганын байкасам, "үхүхү " эмес "ахаха" деп чыгып күлкүлөр, күрөшүп ойноп, өзүмдүн эркек тарабым чыгып, аны дос кыла баштайм. Жайыма койсо, кыздарга деле чогуу барчудаймын. Муну илим жактан тастыктай элекмин. Бирок, баамым ушундай болду", - деп Назира Айтбекова жазган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости