www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги саясат таануучу, профессор Алмазбек Акматалиевди кепке тартып,  сунушталып жаткан преференциалдык (ачык) партиялык тизме менен шайлоого баруунун күңгөй-тескейи боюнча сүйлөштүк.

-Алмазбек мырза, шайлоо жакындаган сайын түрдүү сунуштар айтылып жатат. Анын бири преференциалдык партиялык тизме менен парламентти шайлоо. Эгер чындап ушул жол менен шайлоого бара турган болсок, чыныгы лидер тандоого жол ачабы?

-Преференциалдык ( ачык) партиялык тизме менен Жогорку Кеңешти шайласак албетте, бүгүнкү жабык тизмеге караганда ачык тизме төөлүк өйдө, чыныгы лидерлерди тандоого жол ачат... Бирок, кемчиликтери да бар: Биринчиси, гендерлик, жашы жана улуту боюнча квоталарды кармаш мүмкүн болбой калат. Экинчиси, бай адамдар гана келбесин деген негизги максат аткарылбайт, себеби бай адамдар мурунку системада партиянын өзүнө жана электоратына акча коротсо, жаңы системада электоратына гана коротот. Башкача айтканда, тескерисинче, бай адамдарга ыңгайлуу жана үнөмдүү система болот. Үчүнчүсү,  кээ бир талапкер өз районунан маа демектен 80% шайлоочунун добушун алса да, республика боюнча ал партия шайлоо босогосунан өтпөсө, тигил адам депутат болбой калат. Төртүнчүсү, ачык тизме менен келген депутаттар партиялык позиция менен бирдиктүү добуш бербейт, жана бир мандаттуу бир региондун өкүлү да болуп бербейт... Бешинчиси,  ачык тизме бир партияга ар кайсы региондордун байларын топтогонго шарт түзүп берет, ал тизме менен шайланган Жогорку Кеңеш бүгүнкүдөн да ашып түшкөн олигархиялык парламент болуп калышы мүмкүн. Бүт байлар бир партияга топтолсо ал партиянын да, ар бир ал олигархтын да шансы көбөйөт...Алтынчысы,  эли көп региондордон көбүрөөк депутат шайланып калчу коркунуч бар. Жетинчиси, бул система же пропорционалдык, же мажоритардык болбой, экөөнүн тең кемчиликтерин чогултуп алышы мүмкүн...Ошон үчүн, күчтүү парламентти кантип куралы дегенди чечиш үчүн тек гана парламентти шайлоо системасы өзгөргөнү такыр жетишсиз. Парламенттин күчү мамлекеттик башкаруу формасына түздөн түз көз каранды... Ошол негизги маселени чечмейинче, парламентти кандай гана ыкма менен шайлабасаң да бүгүнкү күндөн жакшырып да, алсыздап да кетиши күмөн...‍

-Айтканыңызга ынаналы, бул система менен шайлоого барсак, эл акчалууга эмес, патриотторго добуш берип коюшу да мүмкүн. Бирок, ишенич аз. Ошондо Кыргызстанда кандай система ылайыктуу болот?

-Албетте, акчаны албай, байларды шайлабай, таза мекенчилдердин да доору келатат көрүнөт. Бул Чоң Казаттын мисалында айтсак болот. Бирок, баары бир финансы чоң ролду ойнойт, Америкада деле ойнойт. Менимче, парламент Өкмөттү курабаш керек. Балээнин баары ошондон башталып жатат. Өкмөттү Премьерсиз эле Президент түзүш жана жетектеш керек. Эгер ошондой системага өтсөк, анда ошондой күчтүү Президентке тең салмак боло турган Жогорку Кеңеш керек. Эң жөнөкөй система бул бир мандаттуу шайлоо. Ошондо санын да 60 чейин түшүрсө болот. Партиясы жок эле түз эл шайлаш керек. Бирок, талапкерди партиялар да көрсөтсө болот деш керек. Ошондо эл күчтүүлөрдү тандайт баары бир, албетте байлар да болот. Андай ЖК күчтүү болуш үчүн ГКНБ менен Прокуратураны парламенттин көзөмөлүнө коюш керек. Мына ошондо күчтүү жана стабилдүү, бир муштум болгон Өкмөт чыгат Президент башында турган, анын тизгинин тартып турган эл түз шайлаган Жогорку Кеңеш да пайда болот...

Булак: NazarNews.org

Последние новости