www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп өттү.
Соттук отурумга айыпталуучу Алмазбек Атамбаев алып келинген жок. Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумду анын катышуусуз өткөрүү жөнүндө арыз жазып берген.
Мындан сырткары айыпталуучу Мискенбаевдин жактоочулары Рамазанова жана Бараков келген жок. Сот тарабынан айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасы соттук териштирүү мөөнөтүнө карап узартылды. Андан кийин айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин жана жактоочулар келбегендигине байланыштуу соттук териштирүү 25-май күнү саат 10:00гө жылдырылды.
Булак: NazarNews.org