www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Н.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “С.” аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, аталган жаран ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 29 даана «Toyota Camry» жана 24 даана «Changan» үлгүсүндөгү автоунааларды жеткирип берүү шылтоосу менен 1 миллион 087 миң 750 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган. Акча каражаттарын алгандан кийин изин жашырып, качып кеткен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. 

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган В.С. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка киргизилди.

Көңүл буруңуздар! Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарласа болот: 0(999)10-27-07, ‪ 0‪(706)30-30-13‬ же 102.

Последние новости