www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 5–12-март күндөрү Россиянын Долгопрудный шаарында өткөн П.Л. Капица атындагы эл аралык физика олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 2 коло медаль багындырды. Бул тууралуу КР Агартуу министрлигинен кабарлашты.
Жыйынтыгында:
Эмилбеков Айтегин - жеке эсепте коло медаль (11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби);
Туташев Умар - командалык эсепте коло медаль (10-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби).
Калган катышуучулар: Темирхан Салиев (11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби), Касымов Марсель (10-класс, «Маариф»), Мырзабеков Нурбол (10-класс, «Маариф»).
Команданын машыктыруучулары: Андрей Сидоренко, Тургунбек Омурканов.
KIPHO олимпиадасы үч этаптан туруп, катышуучулар эксперименталдык жана теориялык тапшырларды жеке жана командада аткарышты.