www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2020-жылы 29-декабрында Бишкектеги Улуттук госпиталдын аймагында жеңил конструкциядагы модулдук курулмалар менен тургузулган 176 орундуу оорукананын, Чүй облустук ооруканасынын аймагында салынган 24 орундуу бейтапкананын ачылышы болду. Аталган объекттер бир айга жетпеген аралыкта бүткөрүлүп, ал толугу менен Өзбекстан тарабынан каржыланды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаңы медициналык эки уюмдун ачылыш аземи КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстан мамлекетинин өкмөт башчысынын кеңешчиси Хайриддинов Мехриддин баштаган делегациянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

“Пандемия учурунда Өзбекстан мамлекети биринчилерден болуп Кыргызстанга жардам берди. Коңшу өлкөдөн кычкылтек концентраторлору, жасалма дем алдыруучу аппараттар, жеке коргонуу каражаттары сыяктуу медициналык каражаттар жана жалпысынан 400 орундуу жеңил конструкциядагы модулдук курулмалар жөнөтүлдү”, - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Өз сөзүндө Өзбекстан мамлекетинин өкмөт башчысынын кеңешчиси Хайриддинов Мехриддин президент Шавкат Мирзиёевдин 2021-жылды өз өлкөсүндө “Жаштардын жана ден соолукту чыңдоо жылы” деп жарыялоо боюнча парламентке кайрылганын жар салды.

“Бул демилге терең мааниге ээ. Эгер боордош кыргыз элинде жугуштуу оорулар аз болсо, демек өзбек элинин дагы ден соолугу бекем болот. Анткени күн сайын кыргыз-өзбек чек арасынан 15 миңдей адам кирип чыгат. Ага байланыштуу биз оорулардын алдын алууга дыкат көңүл бурушубуз керек”, - деди Хайриддинов Мехриддин.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосунда контейнерлерден тургузулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилген болчу.

Бишкек шаарындагы, Чүй жана Баткен облустарындагы бул медициналык уюмдар керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости