www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына сунуштама жөнөттү. Бул тууралуу 29-декабрда айрым маалымат булактарына кеңештин басма сөз кызматы кабарлап, сунуштама 28-декабрда келип түшкөнүн билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Калиева коррупцияга шектелип жаткандыктан тергөө органдары аны жазык жообуна тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама берүү үчүн Башкы прокуратурага өтүнүч келтиришкенин 26-декабрда маалымдаган.

УКМКнын төрагасы Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал дароо камакка алынарын айткан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости