www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиядан Индияга кайтып келген алты адамдан коронавирустун жаңы штаммы табылды. Бул тууралуу Индиянын Cаламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып чет элдик маалымат каражаттары жазды.
"Илдеттин жаңы түрү табылган бейтаптар медициналык мекемелердеги камераларга киргизилди. Алар менен байланышта болгондор карантинге алынып, ал эми бирге учуп келген жүргүнчүлөрдү аныктоо иштери башталды", — деп жазылат маалыматта.
Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги 25-ноябрдан 23-декабрга чейин Улуу Британиядан Индияга 33 миңге жакын жүргүнчү келгенин кабарлаган.
Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун жар салды. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон. SARS-CoV-2 вирусунун жаңы штаммы бир нече өлкөдөн табылганы маалымдалды.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg