www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилия Өкмөтү Жаңы жылдын алдында Рио-де-Жанейродогу шаардык жээкти жабуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул майрамга карата массалык иш-чаралардын өтүшүн кыскартып, коронавирустун жайылышын ооздууктоо аракети болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, буга чейин Риодо Жаңы жыл белгиленип жүргөн Копакабана жээги жабылган. Ал жерге адатта миллиондогон туристтер барышчу. Бул жылы фейерверк да атылбайт.

Бразилия — коронавирус пандемиясынын очокторунун бири болуп саналат.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, өлкөдө 7,5 миллион киши вирус жуктуруп алып, 191 миң киши көз жумду.

Бул арада пандемияга байланыштуу жаңы жылдык салтанаттарга башка өлкөлөрдө да чектөө киргизилди. Австралиянын Сидней шаарында фейерверкти үйдөн көрүү жөнүндө сунуш берилди.

Ал эми Нью-Йоркто оюн-зоокторду онлайн өткөрүүгө даярданышууда.

Эске салсак, Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы штаммынын табылганы маалым болгон.

Өткөн аптада бул дүрбөлөң жаратып, Европада чек аралар жабылган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости