www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук милиция 2006-жылы туулган К.М. аттуу шектүүнү кармалган. Тинтүү учурунда шектүүдөн 20 даана кара түстөгү спецификалык жыты бар белгисиз заттар табылып, жалпы салмагы 61 граммды түзгөн. Шектүү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

14-февралда 102 кызматына белгисиз адамдар баңгизаттарды сатып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Маалыматты текшерүү учурунда, Исанова көчөсү менен ЧЧКнын кесилишинде 2006-жылы туулган К.М. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Шектүү көрсөтмөсүндө, аталган спецификалык заттарды социалдык тармагындагы интернет дүкөндөрү аркылуу сатып алгандыгын билдирген.

Аталган факт боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максаында мыйзамсыз даярдоо» беренесе менен кылмыш иши козголгон. Учурда алынган заттар соттук-экспертизага жөнөтүлүп, тергөө амалдары улантылууда.

Последние новости