www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жаңы корпусун курууга тендер жарыяланды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, кечээ, 16-ноябрда тендерге тиешелүү документтерди көчүрүп алууга мүмкүн болгон шилтеме бардык кызыкдар курулуш компанияларга жөнөтүлдү.

Хирургиялык корпусту куруу иштери «Бишкек шаарындагы балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Тендерге катышууну каалаган тараптар 19-ноябрга чейин тиешелүү документтер менен кайрылышы керек. Долбоордун баасы — 30 млн доллар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости