www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги 96 май куюучу бекет бар, анын ичинен баардык талапка жооп берген 40 бекет калат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда болгон шаардык кеңештин жыйынында, вице-мэр Уланбек Азыгалиев билдирди.
Жыйында жергиликтүү депутаттар борбор калаадагы май куюучу бекеттерди текшерген жумушчу комиссиянын жыйынтыгын угушкан. Анда шаар башчысынын орун басары, калган май куюучу бекеттердин айрымдары Бишкек шаарынын четине чыгарылып, таптакыр талаптарга жооп бербегендери жабыларын кеп кылган. Айтымында, андайларга альтернативдик вариантты караштыруунун зарылдыгы дагы жок.
Анткен менен май куюучу бекеттер муниципиалдык жерге ири суммадагы ижара төлөшкөндөрүн эске алган Азыгалиев, эгер арендаторлор май куюучу бекеттин ордуна башка социалдык обътектилерди курууну максат кылса мэрия аларды караштырып көрүүгө даяр экенин белгилейт.
Ал эми май куюучу бекеттер үчүн башка жактан жер караштыруу шаардык бийликке пайдасыз. Ошентсе муниципиалдык участоктор, шаардын башкы планы түзүлгөнгө чейин гана берилгендиктен, мэрия алмаштыруу кызматтарын көрсөтүүгө милдеттүү эмес экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg