www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаар бийлиги 8-мартта өткөн аялдар жүрүшүнө уруксат бербегенин, болгону мыйзам талап кылгандай коомдук тартипти гана камсыз кылып бергенин 11-мартта коомчулукка билдирди. “Бизге жүрүш тууралуу кабар гана берилди. Анда эки маселе болгон: гендердик тең укуктуулук жана аялдардын укугу. Алар жүрүш өткөрүштү, биз коомдук тартипти камсыз кылып бердик.

Анда гейпарад же дагы башка акциялар тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Ортодо айтылган айрым ураандар, жазуулар бул чагымчылдык деп ойлойм”,- деди калаа башчысы түштөн кийин болсо да актанып жатып. Суракматов ошондой эле мыйзамда митинг өткөрүүгө уруксат берүү деген түшүнүк жок экенин кошумчалады. “Биз уруксат берген жокпуз. Уюштуруучулардын кайрылуусу кабарлоо мүнөзүндө болгон, биз митинг өткөрүү маалында тартипти камсыз кылып бердик.

Укук коргоо органдары менен мэрия мыйзамдын чегинде гана аракет көрдү”,- деп дагы бир жолу актанууга аракет жасады. 8-мартта Бишкекте аялдардын укуктарын коргогон жүрүш өткөн. Акциянын айрым катышуучулары ЛГБТны колдогон жазууларды көтөрүп алганы элдин көбүнүн нааразылыгын жараткан. Бул арада “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси 13-мартта Бишкекте митинг уюштуруп, 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергендиги үчүн мэр Азиз Суракматовдун жана мэриядагы башка жооптуу кызматкерлердин отставкасын талап кыларын билдиришти.

Баарынан кызыгы жана таң каларлыгы, ушул аялдардын укугун коргоону бетине паранжа кылып жамынып алышып, гейпарад уюштургандардын башында экс-президент, экс-депутат, экс-министр статусу бар, кыргыз элине кеңири таанымал агай, эжейлерибиздин тургандыгы болууда. Балким, алар кыргыз элинин ыйык касиеттерин талкалап жок кылууну көздөгөн, андан соң маңкурт кылып башкарып алууну көздөгөн сырткы күчтөрдүн акчасына азгырылышкандыр?!...

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости