www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин түштүк тарабында 4 жаңы жол пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда ЖукеевПудовкин көчөсүнүн уландысы боло турган жолдун курулушу башталды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жол Жукеев-Пудовкин көчөсүндө Токомбаев көчөсүнөн «Газпром» мектебине чейин ТБЧКнын үстүнө көпүрө куруу менен салынат.

Анын узундугу 1200 метрди түзөт. Келечекте Куттубаев көчөсүнөн «Маариф» мектебине чейин жаңы көчө пайда болот, ал эми Молдобосанов көчөсү Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин уланат.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Байтик баатыр жана ЖукеевПудовкин көчөлөрүн бириктире турган көчө курулат. Мэрия бул иш-чаралар борбордун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана борбордун түштүк-батыш жана түштүк-чыгыш бөлүктөрүн бириктирген транспорттук коридорлор менен камсыз кылуу максатында көрүлүп жатканын белгиледи.

Бул Бишкек шаарынын ушул аймагындагы көчөлөрдү (Орто-Сай айылы, Чоң-Арык айылы, Байтик баатыр, Жукеев-Пудовкин жана башка көчөлөрдү) жеңилдетет. Жолдор курулуш компанияларынын салымынын эсебинен курулат. Жалпы 240 млн сомго жакын каражат каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости