www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы бийликтин башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумга 39 миллион 940 сом кетет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы чыгымдардын көлөмүн талкуулап жаткан учурда белгилүү болду.
БШКнын төрайымы мындай чыгымдар бюллетендерди басып чыгаруу жана жеткирүү, андан сырткары дагы бир катар иштерге 20 миллион 124 миң сом сарпталарын айтты.
Аймактык шайлоо комиссияларына 12 миллион 816 миң сом бөлүнөт. Беш миллион сом ТИМге которулат, дагы 500 миң Миграция боюнча мамлекеттик кызматка каралат. Булардан тышкары 1,5 миллион сомду Мамлекеттик каттоо кызматына беришет.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2016-жылдагы референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосун бирге өткөрүп, ага 67 миллион сом каражат сарпталгандыгын эске салды.
«Быйыл 40 миллион сомдон азыраак акча бөлүнүп жатат. Чыгымдар да аз кетет, кыязы, үнөмдөө болот», — деп кошумчалады ал.
БШК мүчөлөрү бул боюнча токтом долбоорун колдоду.
Белгилей кетсек, референдум 10-январда президенттик шайлоо менен бир күндө өтөт.
Референдумга Кыргызстанды төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:
президенттик республика;
парламенттик республика;
бардык варианттарга каршы.
Булак: NazarNews.kg