www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блинкен: Кансыз согуштан кийинки доор аяктады

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 61-мамлекеттик катчы Жеймс Бейкердин бюстун Вашингтондо ачуу аземинде кансыз согуштан кийинки доор аяктады деп билдирди. «Чынчыл Кытай америкалыктардын жана дүйнө жүзүндөгү адамдардын коопсуздугу менен бакубаттуулугунун негизи болуп келген дүйнөлүк тартипке каршы чыгууда. Кансыз согуштан кийинки доор аяктап жатат», - деди ал.

Иш-чарага катышкан 91 жаштагы Бейкер, өз кезегинде, Батыш зордук-зомбулуктун жайылышына жол бербөөгө жана эл аралык абалдын курчушуна тоскоолдук түзүүгө ө умтулуп жатканын билдирди.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости