www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Адилет Али Мыктыбек эки айга камалды

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер Адилет Али Мыктыбек эки айга тергөө абагына камалды. Мындай чечимди 1-июнда Биринчи май райондук соту чыгарды.

Блогер 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кезектеги суракка чакыртылып, 48 саатка камалган.

Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Мунун алдында Адилет Али Мыктыбек видео кайрылуу жасап, коюлган айыпты четке каккан.

Эске салсак, блогер мурда да Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө сурак берген. Апрелде “Массалык башаламандыкка чакыруу” иши боюнча милицияда бир нече жолу суракта болуп, күбө катары өтүп жаткан.

Адилет Али Мыктыбек Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы жана акыркы бир нече айдан бери Facebook баракчасынан Бишкектеги митинг, пикеттерди түз чагылдырып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости