www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги мектептердин директорлору он жылдап кызматынан түшпөй, өздөрүнүн туугандарын завуч кылып алып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов билдирген. "Бишкек шаарындагы айрым мектептердин директорлору 10 жылдап, 20 жылдап директор болуп отурушат. Өзүнүн кызын, кудагыйын, таякесин завуч кылып, 12 завучтун 10у өзүнүн туугандары. Ушулар жөнүндө маалыматыңыз барбы?", - деп суроо берди депутат Жакышов Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге.

"Сөзсүз маалыматым бар. Бишкек шаарынын билим берүүсүн мэрия жана Бишкектин билим берүү башкармалыгы жүргүзөт. Тилекке каршы, биз министрлик Бишкек шаары боюнча кийлигише албай жатабыз. Бирок бирдиктүү саясат жүргүзүү боюнча мен өлкө башчысына кайрылдым. Сиз айткан мүчүлүштүктөр боюнча 1-июлда чоң бир жаңылык угасыздар", - деген Бейшеналиев. Эмне жаңылык угар экенбиз деп дале кулак түрүп турабыз. Депутаттар болсо каникулга тарап кетишкен.

Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Азия – Тынч океан өлкөлөрүнүн билим берүү министрлеринин Бангкокто өткөн II конференциясына катышып, “Пандемия убагында үзгүлтүккө учураган билим берүүнү калыбына келтирүү” деген темада англис тилинде мазмундуу баяндама жасап, БУУнун билим берүү боюнча сентябрда боло турган саммитине карата уюштурулган бул жыйындын алкагында өткөн “тегерек үстөлдө” Кыргызстандын билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча тажрыйба бөлүшкөн.

Өлкөбүздө окуу жылынын аякталышы менен “акыркы коңгуроо”, “бүтүрүү кечеси” сыяктуу окуучулардын эне-аталарын бушайманга салып, көп чыгымдарды талап кылган, ызы-чуу менен коштолгон шаан-шөкөттөр көп жылдардан бери “салтка” айланып калган.

Министр Алмазбек Бейшеналиев “акыркы коңгуроого акча каражаты жыйналбасын”, “Бүтүрүү кечелери өткөрүлбөсүн” деген буйруктарды чыгарып, чечкиндүү кадам жасады эле, көптөн бери чечилбей келаткан бул көйгөйлөргө чекит коюлушуна ата-энелер ыраазы болуп жатышат. Министрликтин коллегиясынын кезектеги көчмө жыйынын Баткенде өткөрүп, маселелер менен жеринде таанышып, жеринде чечип келген.

Андан чыгып Чаткалга барып, чатыры кулаган мектептин ордуна инвесторлордун эсебинен жаңы мектеп курууну сүйлөшүп, жабыркап калган мугалимдин абалын сурап, ага кам көрүп, жайында Ысык-Көлгө эс алууга пансионатка жолдомо берген.

Билим берүү тармагындагы реформаларды жигердүү жүргүзүү максатында Европа инвестициялык банкы менен суйлөшүүлөрдүн натыйжасында 32 миллион евро инвестиция бөлүнгөн.

Ушундай эле сүйлөшүүлөр Дүйнөлүк банк менен жүргүзүлүп, жогорку билим берүү тармагын реформалоого инвестиция тартуу жагы күн тарибинде турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости