www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль Сирияга ракеталык сокку урду

Израил армиясынын Сириянын Тартус провинциясына жасаган ракеталык чабуулунун натыйжасында кеминде эки жай тургун жараат алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Сириянын Коргоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Израилдин Жер Ортолук деңизинен канаттуулар фабрикаларына бир нече ракета атканы белгиленди.

«Саат 6:30 чамасында Израилдин душманы абадан чабуул жасап, Жер Ортолук деңизинен Триполиден батыш тарапта (Сириянын негизги соода порту) бир нече канаттуулар фермаларына ракеталык сокку урган. Аль-Хамидия шаарында эки жай тургун, анын ичинде бир аял жаракат алды», - деп айтылат билдирүүдө.

Сирия менен Израил 1948-жылы Израилдин көз карандысыздыгы жарыялангандан бери согушуп келатат. Бул убакыттын ичинде мамлекеттер ортосунда үч согуш болгон. Тараптардын ортосунда тынчтыкка жетишүү аракети мезгил-мезгили менен жасалган, бирок натыйжа болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости