www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Каракалпакстан республикасынын борбору Нукус шаарындагы 1-июлдагы митингдер боюнча үн катып, жарандардын жүрүшүнө «конституциялык реформалардын туура эмес чечмелиниши» себеп болгонун билдирди.

«Учурда коомдук тартип калыбына келтирилди. Жарандар менен мыйзам бузууга жол берилбей турганы жөнүндө түшүндүрүү жана алардын кайрылууларын тиешелүү тартипте кароо боюнча иштер жүргүзүлүүдө», - деп белгиленген министрликтин Телеграмдагы билдирүүсүндө.

Анда митингге чыккандардын талабы тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бул сунушталып жаткан конституциялык өзгөртүүлөргө каршы Каракалпакстандагы нааразылык тууралуу өзбек бийлигинин алгачкы билдирүүсү.

Министрликтин маалыматына ылайык, 1-июлда саат 15:00дөн тарта Каракалпакстандын айрым жарандары Нукус шаарында жүрүш өткөрүшкөн. Андан соң тургундар борбордук базардын аймагына топтолушкан. Бул базарга укук коргоо кызматкерлери жөнөтүлгөн. Өзбек милициясы Нукустагы митингди "мыйзамсыз" деп атап жатат.

Норвегиядагы Хельсинки комитети Өзбекстандын бийлигин Нукустагы тургундардын митингге чогулуу эркиндигин сыйлоого чакырды.

Интернет булактарына тараган видеолордон жума күнү Каракалпакстандын борборунда жоон топ адам чогулганын, алар ар кыл ураандарды чакырып жатканын көрүүгө болот. Маалыматтарга ылайык, демонстрациянын тутанышына жергиликтүү адвокат Давлатмурат Таджимуратовдун камалышы түрткү болгон. Укук коргоочу Азимбой Отаниезов «Азаттыктын» өзбек кызматына билдиргендей, Тажимуратов Конституциянын сунушталган долбооруна каршы митинг өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен бийликке кайрылган.

Өзбекстанда коомдук талкууга чыгарылган конституциялык түзөтүүлөрдүн долбооруна ылайык, бул өлкөнүн курамындагы Каракалпакстан республикасынын макамы өзгөрө турган болду. Учурдагы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деп мүнөздөлгөн жана бул республиканын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган.

Мындан тышкары Каракалпакстан республикасы аймактагы "бүткүл элдик референдумдун негизинде Өзбекстандын курамынан чыгып кетүү укугуна ээ экени" да белгиленген. Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынды.

Мындай түзөтүүлөр Каракалпакстандын өзүндөгү айрым активисттердин жана чет жактагы этникалык каракалпактардын нааразылыгын жаратты. Конституциянын долбооруна нааразылык билдирген видео кайрылуулар социалдык тармактарга жарыяланып жатат. Өзбек бийлиги Каракалпакстандын макамы эмне үчүн азыр өзгөртүлүп жатканын расмий түшүндүрө элек.

Каракалпакстан Өзбекстандын жалпы аймагынын үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турат. Бул автономдуу республиканы Өзбекстандын 35 миллиондой калкынын эки миллионго чукулу байырлайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости