www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы бардык тез татым жайлары текшерилет

Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында тез татым жайлар текшерүүгө алынат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркин Маматаев 1-июлда өткөн облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясынын отурумунда билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчилигине Жалал-Абад шаарында катталган массалык уулануулардын келип чыгуу себептерин аныктоо, бардык тез татым, тамак-аш азыктарын сатуучу соода жайларындагы эрежелердин сакталышын карап чыгууну тапшырды.

Эркинбек Маматаев жарандардын ден соолугу башкы орунда экенин айтып, ишкердик субъектилери менчигинин түрүнө карай аны сактоого тийиш экенин эскертти.

Алдыдагы күндөрү тийиштүү тармактардын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларындагы тез татым даярдоочу жайлардын санитардык абалын көзөмөлгө алат. Анын жыйынтыгы менен эреже сакталбаган тамактануучу жайлар убактылуу жабылат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы эки тез татым жайда катталган уулануудан улам облустук клиникалык ооруканасында 22 адам дарыланууда. Ал эми шаарда 2-июлдан тарта тез татым сатуучу жайлар убактылуу ишин токтотот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости