www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте үч жашар Агамир Арзуманов изделүүдө

Бишкекте үч жаштагы Агамир Арзуманов дайынсыз жоголду. Бул тууралуу баланын атасы Евгений Демин билдирди.

Анын айтымында, бала бүгүн саат 10.30дар чамасында Беларусь көчөсүндө жоголгон.

«Агамир бала багуучу менен болгон. Ал уктап калганда Агамир батирден чыгып кеткен. Биз азыр жакынкы короолордун баарын текшерип жатабыз», - дейт Евгений Демин.

Баланын жүргөн жери тууралуу билгендер болсо 0550331090 (атасы Евгений) 0555453307 (апасы Аревик), 102 номуруна чалып коюуну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости