www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Орусияда Сирияда согушуу зонасында бири-бирине өтө жакын болгондуктан, кагылышуусу мүмкүн. Бул тууралуу Newsweek журналындагы макалага таянып РИА Новости жазды.
Автордун пикири боюнча, Чыгыш Европадагы кризис жана өлкөлөрдүн ортосундагы конфронтациянын курчушу согушту күчөтмөкчү.
"Бул ой кимди гана болбосун чочулатат. Анткени Вашингтон менен Москванын ядролук арсеналдары дүйнөнү бир нече жолу жок кылып ийүүгө жетет", — деп жазды автор.
Сирияда жайгашкан эки армия ачык кастык кылбаса да, бири-бирине өтө жакын жайгашкан. Мындай кырдаалда кандайдыр бир түшүнбөстүк болуп кетсе эле иштин бүткөнү.
Журналисттин пикири боюнча, коркунучту Америка Кошмо Штаттары акыл-эстүү саясат жүргүзгөн учурда гана жокко чыгарууга болот. Ошондой эле макалада Американын куралдуу күчтөрүнүн Араб өлкөсүнөн чыгып кетиши дагы маселени чечүүгө жардам берери айтылат.
Американын мурдагы президенти Дональд Трамп 2016-жылы шайланганга чейин эле Сириядан аскерлерин чыгарып кетүүгө убада берип, 2018-жылы декабрда аскерлер чыгарын айткан. Бирок андан кийин ал мунай кендерин коргоо үчүн контингент керек экенин айтып, кайтарып койгон. Дамаск бул аракеттерди оккупация деп эсептейт.