www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салган окуя боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматова үн катты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айтымында, Акыйткачы институтуна түндө тийиштүү тапшырма берилген.
"Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн сотто агасынын (ред., Д.З.) бөгөт кою чарасы каралат (биздин кызматкерлер мониторинг жүргүзөт, Аселдин арызын алат (макул болсо);
Бүгүн дем алыш күн болгонуна байланыштуу бизден ИИМге оозеки өтүнүч айтылды - агасынын психологиялык экспертизадан тез өткөрүү керектигин, анткени аффект деген түшүнүк бар. Бул иш абдан маанилүү, бирок көп учурда кылынбайт.
Окуя боюнча ишибизди улантабыз", - деген акыйкатчы.
Белгилесек, карындашы А.Ж. окуянын чоо-жайын айтып, кыргыз элинен жардам сураган.
Булак: NazarNews.kg