www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда карындашын зордуктоого аракет кылган адамды атып салган жаран кармалды. Окуянын чоо-жайын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"1-июль күнү саат 8:30да Чүй райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында жаранга ок тийгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам топ 47 жаштагы адамдын жансыз денесин табышкан. Ал тез жардам келгенге чейин каза болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, саат 7.45те Токмок шаарындагы аялдамалардын биринен бир адам 33 жаштагы жүргүнчүнүн алып кеткен. Жолдо айдоочу жолдон бурулуп, кызды зордуктоого аракет кыла баштаган. Ал машинадан түшүп, агасына чалып, болгон окуяны айтууга үлгүргөн.
"Кыз ошол маалда жүргүнчүлөрдү түшүрүү үчүн жакын жерде токтогон башка унаага түшүп кеткен. Кылмышкер бул унааны кууп жетип, жолду тосуп, кызды чачынан жулуп, унаадан чыгарууга аракет кылып, аны сабап баштаган. Бул учурда окуя болгон жерге кыздын 36 жаштагы агасы келген. Ал газ-травматикалык тапанча менен кол салган адамга ок чыгарган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталган. Карындашын коргогон адам кармалып, Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери башталып, экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg