www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто сууга чөккөн кыз-жигиттин денелери табылды

Бүгүн, эртең менен саат 9:30 чамасында, Ош шаарындагы каналдан 27 жаштагы жигиттин денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдирди. Маалыматка караганда, Суу чарба башкармалыгы тарабынан Араван — Ак-Буура каналында суу токтотулуп, таңкы саат 5:00дө издөө иштери башталган.

ӨКМден келген 18 куткаруучу издеп, төрт сааттан кийин, 9:30 чамасында каналдын Набережная көчөсүндөгү аккан жеринен жергиликтүү тургундар тарабынан жигиттин денеси табылган. Бул маркум каналга түшкөн жерден үч чакырым алыстыкта болгон. Ал эми автоунаасы Озгур айылында турганы аныкталган.

Ош шаардык милициянын маалыматына ылайык, А. уулу Б. аттуу жигит мындан эки күн мурун 28-июлда Ак-Буура дарыясынын жээгинен денеси табылган 19 жаштагы студент кыз менен бир күн мурда чогуу болгондугу божомолдонуп жаткан.

"Кыз Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 2-курста окуп жаткан. Денесине сырттан кароо жүргүзгөндө жаракаттар байкалган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды. Алдын-ала маалымат боюнча, денелери суудан табылган маркумдар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. 27-июнда кыз түнкү саат 23:00дө өзү жашаган жатаканадан сүйлөшкөн жигитине жолугуу үчүн чыгып, кайра келген эмес. Эртеси таңга маал анын денеси суудан табылган", — деп билдирди милиция.

Экөө тең Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундары экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости