www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко постсоветтик өлкөлөр эгемендигин сактап калгысы келсе, белорус-орус союзуна жакындаш керек деп билдирди.
"Бүгүнкү күндө постсоветтик мейкиндиктин өлкөлөрү, албетте, өздөрүнүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сактап калгысы келсе, Союздук мамлекети менен жакындашууга чын жүрөктөн кызыкдар болушу керек. Биз глобалдык чакырыктарды биргелешип гана жеңе аларыбызга ишенебиз", - деди Лукашенко. Бул тууралуу Беларусь жана Россия региондорунун форумунун пленардык отурумунда көрсөтүлгөн видеокайрылууда айтты.
Анын айтымында, «дагы эле күмөн санагандар түшүнүшү керек: тез арада биримдик жана ынтымак болмоюнча, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоосуз жана жөн гана адамдык мамилелерди бекемдөөсүз эртең биз жок болушубуз мүмкүн».
"Азыркы этапта биздин биримдик (Беларусь менен Орусиянын - ред.) интеграциялык процесстердин жалпы агымында локомотивдин ролун ойноп жатат. Бул маданий жана экономикалык мамлекеттер аралык кызматташуунун үлгүсү", - деди Лукашенко.
Булак: NazarNews.kg