www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумар оюндарына берилген күйөөмдүн айласын таппай кыйналдым

Sputnik Кыргызстан "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кумар оюндарына берилип кеткен күйөөсүн андан чыгара албай айласы кеткен келиндин катын жарыялады.

Саламатсыздарбы! Менин кайрылуумдун себеби жолдошум кумар оюндарына берилип кетти. Ушул адатын калтыруу учун кандай чара колдонсом болот? Же буга эч нерсе жардам бере албайбы?

Күйөөмдүн кумар ойногонуна 10 жыл болду. Жер тилкебизди жана эки автоунаасын алдырганы аз келгенсип, айына тапканынын теңинен көбүн ошол жакка салат. Азыр тигүү цехинде бычмачы болуп иштейт.

Учурда кош бойлуумун, ортодо бир балабыз бар. Көп эле чараларды көрдүк, 40 күндүк дааватка эки жолу жибердим. Молдого дем салдырып көрдүм. Ойногон жерлерине барып сүрөтүн көргөзүп, тыюу салдырдым. Такыр жыйынтык жок.

Өзүнөн сурасам, "өзүмдү башкара албай калып жатам" дейт. Мен кесибим боюнча медайыммын. Азыр кош бойлуу болгондуктан үйдөмүн. Туугандар күйөөмдү көп эле жолу ортого алып сүйлөшүштү. Бирок акыры баары эле түңүлүп, үмүттөрүн үзүп коюшкан. Көптөн бери колумдан келишинче аракет кылып, күрөшүп келе жатам. Ошентсе да эч жыйынтык жок. Акыркы үмүт менен психологдон кеңеш алып көрүүнү чечтим.

Ушул кылыгы аябай кыйнап жиберди, өзүмдү аябай бактысыз сезип, кээде жашагым да келбей кетет. Бойдок кезде ачык, шайыр кыз элем. Азыр анын бири жок. Өзүмдөн-өзүм чүнчүп бүттүм.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Кумар оюндарына көз каранды болгон адамды андан чыгаруу башка бирөөлөр үчүн кыйын. Анткени ал адам өзү адашып калганын сезип, чындап күрөшсө гана мындан арылышы мүмкүн. Ал деле үй-бүлөсүн сактап калууну жана оң жолдо жүрүүнү каалайт. Бирок буга өзү тарабынан олуттуу кадамдар керек.

Келин өз катында жолдошун кырк күндүк дааватка да жибергенин жазыптыр. Андан кийин деле күйөөсү жаман адатын карматып, кайра эле кумар оюндарына барууну уланткан экен. Ичкиликке берилген же кумар оюндарына кирип кеткен адам өзүн-өзү көзөмөлдөп чындап күрөшмөйүнчө, анысын таштабайт. Күйөөңүз өзү аракет кылбай сиз эле жүгүрө берсеңиз майнап чыкпайт. Анын да каалоосу, аракети керек.

Последние новости