www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда майда административдик мыйзам бузууларга барган 47 миңдей кыргызстандыктын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын 35 миңге жакын жараны Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде, анын ичинде орус сотунун чечиминин негизинде Орусиядан чыгарылгандар да калды.
Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн статусун Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтындагы “Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жоктордун Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө уруксат бербөө үчүн негиздер бар экендигин текшерүү” сервисинен текшере алышат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тизме орус тарап менен жүргүзүлгөн иштердин, анын ичинде 2022-жылдын май айындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыскартылды.
Булак: NazarNews.kg