www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманкул Зулушев - намаз окуган "ыймандуу" мошенниктердин "крышасыбы"? Мындай пикирин доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Улутум кыргыз, урааным Манас!

Теңирим жалгап, кыдыр-умайым (Кудайым) колдосун!

Же үйдөн, же акчадан жок калып, "Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБнин кызматкерлерин камагандан бери бир дагы ички иштер бөлүмү Асыл Талипованын ишин кароого даабай, коркуп жатышат. Азыр Асыл Талиповадан жабырлангандардын саны 45ке жетти. Бирок, бул ишти УКМКнын Чүй бөлүмү караганы менен ал жактагы тергөө кызматкерлери деле Асыл Талипованын сөзүн сүйлөп калышты" деп даттанышууда.

Мен буга чейин деле фейсбукка "Асыл Талиповага акчасын алдаткандар анын "крышасы" катары

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевди,

- ошол эле Ички иштер министрлигинин ГСУнун (главное следственное управление) начальниги Азамат Жумабаевди,

- Азамат Жумабаевдин досу Азамат Алмакүчүковду,

- Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасында жооптуу кызматта иштеген Марс Тентишевди,

- адвокат Канат Хасановду атап жатышат" деп көп жазганым эсиңизде чыгаар.

Элден уккан маалыматтагы жооптуу кызматкерлердин Асыл Талипованын ишине тийиштиги бар экенин текшерип берүүнү суранып, укук коргоо жана күч органдарына да кайрылгам. Тилекке каршы, менин суранычым жоопсуз калды.

Бүгүнкү пресс-конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Баш Прокурору Курманкул Зулушевдин атын атаганда, менин ичимде көптөн бери күдүк болуп жаткан төмөнкүдөй жагдайларды Сиздер менен бөлүшүүнү туура таптым:

1-ЖАГДАЙ

"Алты балалуу жалгыз бой аялга пытка кылып, аны камакка алды" деген айып менен Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Уланбек Аалиев 2021-жылдын 21-октябрында Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

Адвокат Канат Хасанов булганган памперс менен жерде жөргөлөп жүргөн наристе балдардын видеосун көрсөтүп, мыкты актерлордон да аша түшүп жасакерленип, ошол кичинекей балдарга памперс ташып, камактагы Асыл Талипованы үй камагына чыгарып алган.

Айтмакчы, Асыл Талипованын алты баласы жок. Анын кыргыз күйөөсүнөн төрөгөн 2 баласы - жогорку класстын окуучулары, ал эми кичүү баласы - памперс кийген курактан эбак өткөн.

2-ЖАГДАЙ

Полковник Уланбек Аалиевди камакка алууда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери полковниктин кабинетинин эшигин жумушчу эмес убакта (түн ичинде) понятойлорсуз талкалап кирип, чакчалекей кыла тинтип, процессуалдык нормаларды ашкере одоно бузушкан. Ушул эле аракеттери алар полковниктин үйүндө да кылышкан.

3-ЖАГДАЙ

Полковник Уланбек Аалиев камакка алынгандан кийин анын үй-бүлөсү жана жакындары, о.э. Асыл Талиповага акчасын алдаткандар митингдерге чыкканбыз. Ал тууралуу журналисттер кеңири маалымат берип, резонанстуу коомдук пикир жаралган.

4-ЖАГДАЙ

Полковник Уланбек Аалиевди бошотууну жана Асыл Талипованы камакка алууну өтүнгөн митингдер күч алганда, б.а. 2021-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Баш Прокурору Курманкул Зулушев мени (полковниктин эжеси) жана менин сиңдимди өзү чакырып, кабинетинде кабыл алган.

Кабыл алуу учурунда Курманкул Зулушев "Мен Уланбек Аалиевди билем. Аны жакшы адис экенин көп айтышат. Буюрса, бул иш боюнча биздин тергөөчүлөр иштеп жатышат. Иш объективдүү чечилет" деген.

Бирок, полковник Уланбек Аалиевдин иши боюнча

- күбө катары суралган 12 кишинин көрсөтмөсү менен

- Баш Прокуратуранын тергөөчүлөрү түзгөн сурак протоколдору бири-бирине дал келбейт.

Мисалы, күбөлөр төмөнкүдөй таң калыштуу көрсөтмөлөрдү беришти:

- "Бул сөздөрдү мен айткан эмесмин. Бир жакка кетчүдөй болуп аябай шашып жаткан тергөөчү "Мобул, мобул жерлерге кол кое бер" деп, текстти мага окутпай, кол койдурду. Мен кол коюп бүткөндөн кийин аябай шашып жаткан тергөөчү шашпай, эч жакка кетпей калды. Мен шекшинип, текстти сурасам, текст башкача экен. Тергөөчү менин "возмущениеме" "муну менден бөлөк эч ким окубайт. Кам санаба!" деп койду,

- "Тергөөчү мага текстти өзү окуп берип, кол койдуруп алды. Бирок, ал мага текстти көрсөткөн жок".

- "Мен тергөөчүгө "Под контролем", или "Под диктовкой полковника Аалиева" деген көрсөтмө берген эмесмин. Бул сөздөрдү тергөөчү өзү жазып койду".

5-ЖАГДАЙ

Жогоруда, "2021-жылдын 4-ноябрында мени жана сиңдимди Курманкул Зулушев өзү чакырып, өз кабинетинде кабыл алды" деп жаздым.

Ал полковник Уланбек Аалиевдин иши объективдүү каралаарын ишенимдүү айткандан кийин биздин ортобузда төмөнкүдөй диалог болду:

- Мен Манас таануучу Гүлзат Аалиевамын. 6 айдан бери мен өзүмдүн ишим тууралуу Сизге көп Кайрылууларды жаздым. Бирок, мага болгону формалдуу отпискалар гана келип жатат, - дедим мен.

- А, Манас таануучу Гүлзат Аалиева Сиз турбайсызбы. Сүрөтүңүздө башкача экенсиз. Мага ал Кайрылуулар келген жок. Ал эмне жөнүндөгү Кайрылуулар эле? - деди Зулушев зымырайып.

- Кантип Сизге келген жок? Мага алты айдан бери отпискалар келип жатпайбы. Мен Сизге - кыргыз элинин пири болгон Айкөл Манас атабызды өтө ыплас тилде сөгүп, кыргыз элин этноцид (улут курут) деп аталган тарыхый кылмышка сүйрөгөн радикалдуу диний агымдарга тыюу салуу өтүнүчтөрү менен кайрылгам, - дедим.

Зулушев жардамчысына акырайып карап,

- Аалиеванын Кайрылуулары боюнча мага эртең маалымат бересиң, - деп өктөм сүйлөдү. - Радикал динчилерге тыюу салууну биз башкача жол менен кылабыз, - деп темадан буйтап, бизди эшикке чыгарууга шашты.

6-ЖАГДАЙ

Кыргыз тилинин гана патриоту эмес, Манас атабыз түптөгөн мамлекеттин мекенчил Баш Прокурору катары Курманкул Зулушев мырза

- апрель баатырлары жана

- Манас атабыз

сыяктуу маркумдардын жаркын элесин ыплас тилде кордогон динчилердин жазган арызы менен соттук куугунтукка алынып жаткан философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиеванын ишин 6 ай бою билбемиш, көрбөмүш, укпамыш болбой, тескерисинче, токтоосуз түрдө өзүнүн жеке көзөмөлүнө алып, Манасты коргоо ишинде тикеси менен тик туруусу зарыл эле.

Тилекке каршы, постко тиркелген видеодо көрүнүп тургандай, Зулушев мырза намаз окуган "ыймандуу", бирок, далай жарандын алдап, кан кустуруп койгон мошенниктерди канатына калкалап калган сыяктанат.

7-ЖАГДАЙ

Балким, полковник Уланбек Аалиевди анын эжеси - философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиеванын жаагын жабуу максатында атайылап СИЗОдо кармап жатышкандыр. Анткени, бийликке кыргыз элин агартуучу Аалиева эмес, өз тегин билбеген, тарыхын танган, өзөгүн өрттөгөн сабатсыз жана тил алчаак масса керек сыяктуу.

Анын үстүнө, теги (уруусу менен улуту) белгисиз дин таратуучу Абдышүкүр Нарматов кыргыз элинин биримдигине жик салып, Нарын элин "теңирчи" (второсортный, ущербный, неполноценный, дикий) деген жасалма термин менен тергеп, нарындыктарды соттук куугунтукка алууга негиз салып койгондой.

Анткени, бүгүнкү күндө кыргыз элинин каада-салтын, Манасын, санжырасын, тарыхын, этноспортун изилдеген он чакты нарындык "теңирчи" аталып, суралып жүрүшөт.

Айтмакчы, Курманкул Зулушев сүйгөн кыргыз тилинде, кыргыз тарыхында, кыргыз фольклорунда жана этнографиялык булактарда "теңирчи" деген термин жок. Азыр кыргыз элин тикелей эмес, кыйыр кордоо максатында "теңирчи" деп тепкилөө үчүн бул жасалма термин радикалдуу динчилер арасында кеңири жайылган", - деп билдирүү калтырган Аалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости