www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов карындашын коргоп, ок чыгарган жарандын окуясы боюнча билдирүү таратты.

«Мен дагы агасынын ордунда болгонумда ал нааданды ойлонбостон атып салмакмын. Агасы карындашын коргоп ушундай кадамга барды. Ошондуктан ага карата кылмыш иши токтотулушу керек. Бул башкаларга сабак болсун. Ал эми адамдар жакындарынын намысын, ден соолугун коргогондон коркпошу керек»,-деп жазган Кулов.

Эскерте кетсек, кечээ, 1-июль күнү саат 7:45те Токмок шаарында 33 жаштагы келин өтүп бараткан машинаны тосуп, ага отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автоунаасын жол четине токтотуп аялга асыла баштаган. Ал эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан башка автоунаага отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле келинди уруп-согуп, чачынан сүйрөп сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн баш коргоо чарасы каралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости