www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кытай айды өзүнүкү кылып алуусунан кооптонууда

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космостук башкармалыгынын (НАСА) башчысы Билл Нельсон Кытай качандыр бир күнү Айга конуп, аны өзүнүн аймагы деп аташы мүмкүн деп кооптонууда. Бул тууралуу ал "Bild" гезитине берген маегинде билдирди.

"Кытай Айга конуп, биздики, силер алыс болгула деп кооптонушубуз керек. Кытайдын космостук программасы чындыгында аскердик программа. Бул жолу жаңы космостук жарыш Кытай менен болот", - деди НАСАнын башчысы.

Нельсондун айтымында, кытайлар өздөрүнүн космостук станциясында башкаларга таандык спутниктерди жок кылууну үйрөнүшөт.

Маалымат караганда, 2004-жылдын январында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңеши Айды изилдөө боюнча улуттук программаны бекиткен. 2019-жылдын январында Кытайдын космостук аппараты биринчи жолу алыскы аралыкка жетип, көптөгөн баалуу маалыматтарды алды.

Миссияны "Чаньэ-4" планеталар аралык автоматтык станциясында "Юйту-2" аппараты аткарды Ал Жердин табигый спутнигинин бети боюнча 1000 метрден ашык аралыкты басып өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости