www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ жакында эле бир классташ балам Нарын тараптан келатып Долон ашуусунан аварияга учурап каза болду. Машиненин ичиндегилер кээ бири оор жаракат алышканы менен бардыгы аман калышты. Ошолордун ичинен классташ баламдын гана көзү өтүп кетти. Ошону укканда жүрөгүм оозума кептелип, Кудайга тобо келтирип жакамды кармандым.
Ооба, алар үчөө болчу, бир жылдын ичинде эле алардын бардыгынын көздөрү өтүп кетти. Экинчиси Бишкекке барып жайдын катуу ысыгын көтөрө албай инсульт болуп жыгылган. Ошол боюнча эсине келе албай бир ай ооруканада комада жатты. Доктурлар суюк тамакты оозунан, мурдунан ичке түтүк менен ичирип, аны тирүү алып калуунун айласын көрүп жатышты. Бир жерде былк этпей кыймылдабай жаткандыктан, денеси көгөрүп, чирип акыры оо дүйнөгө узап кете берди. Ата-энеси канчалык жан далбас уруп, болгон акчасын чачып, аны аман алып калуунун аракетин көрүшсө да колдорунан эч нерсе келе алган жок. Ал эми биринчиси болсо, кыштын соңунда ичкиликти катуу ичип алып түнү бою сыртта калып тоңуп өлүп калды.
Арийне, үчөөнүкү кандай гана коркунучтуу, аянычтуу өлүм. Аларды эстегенде жүрөгүм кадимкидей зырп этип титиреп кетет. Бардыгыбыз тең бир жылкы бир мектепте чогуу окуган классташ балдар болчубуз. Алардын эмне себептен биринин артынан бири оо дүйнөгө узап кете беришкенин менден башка эч ким, бир да жан билбейт. Азыр деле алар эсиме түшүп кеткенде жаман акыбалда боло берем. Бардыгы тең али үйлөнүшө элек бойдок, боз улан балдар эле.
Өткөн жылдын отуз биринчи декабры болчу. "Жаңы жылды чогуу тособуз, биздин үйдө болобуз, козу союп жейбиз" деп ошол жигиттер мени өздөрүнө чакырып калышты. Мен дагы макул болуп, төртөөбүз чогу жаңы жылды бирге тосмой болдук. Ошондо жумуштарым чыгып калып аларга кошула албай калдым. Ошого Кудайыма азыркыга чейин тобо кылам, аларга кошулбаганым жакшы болуптур.
Ана-мына жаңы жыл келет деп, элдин баары жаңы жылды тосуу менен алектенип жатышкан. Классташтарыма жолугуп, куттуктай кетейин деп алар отурган үйгө баш багып калдым. Казанда козунун эти боркулдап кайнап, жүндөрү жулунган бир канча тооктун эти турат. Андан сырткары дасторкон үстүндө куурулган эт. "Ох-оо, классташтарым бойдок болушса да, Жаңы жылга катуу даярдык көрүшкөн экен" деп ичимден ойлоп койдум. Стол үстүндө эки-үч бөтөлкө арак, пиво, коньяк турат. "Булар менен эле чогуу жаңы жылды тоскондо жакшы болмок экен" деп ичимден ойлоп койдум. Алар буга чейин эки бөтөлкөнү бошотуп жиберишиптир. Мен шашылып жаткам, үйдөгүлөр менен таякемдин үйүнө кетмекпиз. Тост сүйлөп каалоо-тилектеримди айтып, анан кетмей болдум.
Аңгыча ичкиликке кызып калган классташымдын бирөөсү "биз сага бир сырды айтып коёлу, бул туурасында оозуңдан чыкпасын, макулбу? Мына, бул жерде үчөөбүздөн башка сен турасың, муну сенден башка эч ким билбейт. Булардын баарына күбө болуп көрүп калдың, эми эч кимге айтпайм деп сөз бер" деп мага суроолуу карап калды. Бардыгы тең менден жооп күтүп турушту. Мен ойлонбостон туруп "эч кимге айтпайм" деп балп этип таштадым. Бардыгыбыз кол алыштык, бирок эмне жөнүндө сөз болуп атканын түшүнгөн жокмун. Көрсө...
Иштин чоо-жайы мындай экен. Биздин үйдөн анча алыс эмес жерде Бүбүкан (аты-жөнү өзгөртүлдү) деген кошуна кемпир бар болчу. Бизден эки жаш кичүү анын баласы калаада иштечү, өзү болсо мектепте окуган кызы экөө эптеп эл катары тирликтерин өткөрүп, оокат кылышчу. Бул үч эргул дал ошол кемпирдин колго байлап баккан семиз козусун, тоокканадагы тоокторун бүт шилтеп келишиптир. Аны укканда ичип аткан суусундукка какап-чакап барып араң оңолдум.
- Бул кылган кылыгыңар туура эмес, жалгыз кемпирдикине тийишпей эле койсоңор болмок, - деп нааразылана кеттим. А түгүл ортодо айтыша да кеттик, аз жерден урушуп да кете жаздадык. Мен стол үстүндөгү жайнаган арам тамактарды жийиркене карап, эч нерседен ооз тийбей чыгып кетип калдым.
Чыгып баратканда алдымды тороп "сөз бердиңби, эми сөзүңө тур, эркек болсоң" деп эскертип, а түгүл коркутканга да өтүштү. Мен унчукпастан чыгып кетип калдым. Ичимден үчөөнү аябай жек көрүп бараттым.
Ошонун эртеси кошуна кемпир жактан ызы-чуу, айкырыкты угуп дароо жетип бардым. Байкуш кемпир ботодой боздоп ыйлап жатыптыр. "Тоокканадан тоокторумдун эч нерсесин калтырбай уурдап кетишиптир. Уулум келет” деп байлап аткан козум бар эле ал дагы жок. Уулума деп курут, бир чака жумуртка чогултуп койдум эле, колдоруна шал тийген уурулар аны да жөн койбоптур. Ылайым эле уурдалган азыктары аш болбой таш болуп, уурулардын бардыгы кыйналып жатып өлүшсүн!" Анын оозунан жалаң гана каргыш сөздөр чыгып, ууруларды келиштире каргап жатты. Анын ушунчалык уу сөздөрүнө чыдай албай ары карай басып кеттим. Кошуналардын бардыгы чогулуп, аны жооткотууга аракет кылып жатышты. Мен ошол боюнча кабагыма кар жаай артымды карабай кетип калдым. "Айтпайм" деп байкабай сөз берип алганыма өзүмө-өзүм жиним келип ачууланып аттым.
Ошол күн Жаңы жылдын эң алгачкы күнү болчу. Мына, убакыт учкан куштай зуулдап өтүп жаңы жыл кайрадан жакындап келатат. Эми үчөө тең кийинки жаңы жылды тоспой калышты. "Жабырлануучунун каргышы түз тиет" дегенге эми чындап ишенип, коркуп калдым. Бирөөнө жамандык жасап каргышка калгандан Кудай сактасын. Бул болгон окуя көпчүлүк үчүн сабак болот болуш керек, деп ойлойм. Андан көрө каргышка кабылбай, алкыштарга, баталарга көбүрөөк көңүл буруп, жалаң жакшылыктын үстүндө жүрөлү, урматтуу замандаштар.
Бекбосун С., Жумгал району
(Белгилүү себептер менен каармандардын аттары жазылган жок)
Булак: Сырдуу дүйнө