www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошол экөөсүнүн тең азыр көздөрү өтүп кеткен. Экөө тең жаш болчу. Үй турмушу жакшы болбогондуктан үй-бүлөлөрү менен ажырашып кетишип, борбор калаабызга келишип, көрүнгөн жерде конуп түнөп, жумуш чыкса жалданып жумуш иштешип, чыкпаса "Ош" базары менен "Аламүдүн" базарында көрүнгөн менен ичип, мас болуп мушташып жүрө беришчү. Дайыма көздөрү көгөрүп, бети-баштары жарылып жүрөр эле.
Менин жолдошум Казакстанга соода кылганы кетип, үйдө жалгыз бой бир аз убакыттарга жашап калдым. Алматыда кайнежемдин дүкөндөрү, базарда контейнерлери бар болчу, менин жолдошум эже-сиңдилери болуп баары чогуу ошол жакта соода кылышчу.
Ал экөөнө кокусунан "Ош" базарынан жолугуп калдым. Чогуу бир бөтөлкөнүн башын жайлагандан кийин үйгө ээрчитип алып кеттим. Үйдө кечкисин жумуштан келгенде жалгыз зеригип жаткам. Анын үстүнө алардын бирөөсү менин кичинемден бери бир мектепте окуп, бир партада чогуу отуруп чоңойгонбуз. Бири-бирибиздин сырыбызды эң жакшы билебиз. Жолдошум бир айда бир келип кетчү бул жактан товар алып. Анын үстүнө согоз чачырап, элдин баары соода менен жан багып калган мезгил болчу. Экөө биздин үйдө убактылуу жашап жүрүштү. Мен жумушума кетем, экөө базарга кетишет. Кечкисин биздин үйдөн жолугушабыз. Алар кечкисин жөн келбей өздөрү менен кошо азык-түлүк ала келишет. Азык-түлүккө акчаны кайдан таап жатат, мен деле анча кызыккан эмесмин. Экөө базарда жүрүп бирөөлөрдү тонойбу, уурулук кылабы же карактайбы, же тааныштарынан акча өндүрөбү, айтор, бир нерсе менен келишчү. Жолдошум келген күндөрү алар кетип калышат да, ал кеткенде кайра үйгө пайда болуп калышат. Үй-жайы, жашай турган жери жок болгондуктан мен аларды кууган деле жокмун. "Мейли убактылуу болсо да жашай берсин" деп койдум.
Ошентип кыш өтүп жаз, жай келди. Экөө дале да болсо биздин үйдө жашап жүрүштү. Анан классташым айтып калды "Сокулуктан бир айылдагылар менен сүйлөштүк. Биз экөөбүз талаадагы бир сарайда күзгө чейин же тагыраак айтканда, суук түшкөнгө чейин алардын уйларын, музоолорун, торпокторун багабыз, алар айдын аягында чогултуп бизге акча төлөп турушат. Ээн сарайдын короосунун ичинде эски үй бар экен, ошого жашайбыз. Тигилер бизге кезек менен бир жумага жеткендей кылып тамак жеткирип берип турушмай болушту. Биз ошентип келиштик".
Экөө кийимдерин желим баштыктарга салып ошол жакка кетип калышты. Алар кезек менен жума сайын мага каттап турушту. "Түнкүсүн жылан-пылан чагып албаш үчүн сарайдын үстүнө чыгып уктайбыз. Анын үстү түнкүсүн салкын, жакшы" деп калышар эле. Анан арадан бир ай өткөн соң, экөө биздин үйгө чогуу келе башташты. Тим эле кычырап кийинип алышыптыр, акчаны уучтап жүрүшөт. Баскан-тургандары, сүйлөгөндөрү таптакыр башка. Кайда жүрсө да такси менен жүрүшөт. "Айылдагылар малды жакшы карагандыгы үчүн айлык акысын жакшы төлөп жатышса керек" деп ичимден ойлоп койдум. Анан эле акыркы күндөрү экөө чогуу калаага бат-бат келишчү болду. Үйгө келатканда пиво, арак, колбаса, коон-дарбыз бардыгын такси менен жеткирип келишчү. Атүгүл уйдун этин да алып келчү. Союз чачырап элдин баары кыйналып турган мезгилде алардын азык-түлүк менен келип жатканы мага жакшы эле болуп жатты. Мынча акчаны каяктан алып жатканына кызыккан деле эмесмин. Анан кийинчерээк чогуу арак, пиво ичип отуруп акчаны кандайча жол менен таап жатышканын билип калдым. Көрсө, булар арам акчалар экен, өтө эле арам. Кыскасы, алар айылдыктар ишенип берген уй, торпок, музоолорду көчөдө бараткан машинелерди жалдап күндө бирден жүктөп, түнү менен барып базарларга арзан баада өткөрүп, ошонун акчасы менен "гүлдөп" жатышыптыр да. Аны билгенден кийин "Силер бул жакка келбегиле, таптакыр жолобогула!" деп экөөнү тең үйгө жолотпой кубалап жибердим. Кыскасы, экөө ал жактагы малдын бардыгын болбосо да бир тобун өткөрүп, малды талаага ташташкан боюнча куйруктарын түйүп качып кетишсе керек.
Ошол боюнча экөө борбор калаабызда эле жүрүштү. Милицияларга деле кармалышкан жок. Калаада эки-үч жылдай жашашты. Кээ бир учурларда жолдошум үйдө жокто биздин үйгө да түнөп кетишчү. Ушул убакытка чейин экөөнүн милицияга кармалбаганына таң каласың. Ошол жылдары бир мезгилде быйылкыдай болуп жайында күн катуу ысыган. Экөөсүнүн бирөөсү ичкиликти катуу ичип алып жаңы салынып келаткан үйдүн үчүнчү кабатына чыгып, караңгыда ошол жакта уктайын деп (мурун деле ошол жакта түнөп жүрсө керек), тепкичтерди жаза басып алып, буту тайып учуп кетип ичеги-карды жарылып, мээси чачырап аны өлүкканага алып кетиптир. Анын сөөгү каякка коюлду ошол боюнча дайынсыз болду. 2005-жылдары кыш катуу суук болбоду беле, менин берки классташым ал дагы аракты катуу ичип алып түн ичинде эски автобекеттин ичине кирип отургучтарга уктап калып, ошол боюнча зыңкыйып өлүп калыптыр. Арадан бир ай өткөндөн кийин анын окуясын уктум. Аны дагы өлүкканага алып кеткен боюнча сөөгү каякка жашырылганы белгисиз. Кыскасы, экөө тең бир жылдын ичинде ушундай өлүм менен өлүштү.
Акыркы мезгилдерде экөө тең кайырчылардан айырмасы жок болуп эски, кирдеген кийимдери менен "Ош", "Аламүдүн" базарларында ичкилик ичип жүргөнүн көрүп калчумун. Мени көрсө эле дароо акча сурап киришчү, аларга акча берип жатып дагы тажап, анан качып калгам.
Азыр ойлоп коём, экөөнө тигил айылдыктардын каргышы тийсе керек, жөн өлүшпөй экөө тең аябай аянычтуу өлүм менен өлүштү. Өлүктөрү өлүкканага кеткен боюнча дайынсыз болду. Дегеле ошондой өлүмдөн, анан каргыштан Кудай сактасын. Анткени жабырлангандардын каргышы сөзсүз кабыл болот дейт. Ошондуктан мен жалпы эле окурмандарга айткым келет, каргыш эмес алкыш менен жашайлы.
Булак: ШАМБАЛА