www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешме бүгүн, 7-декабрда пленардык жыйынга чогулду.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, Конституциялык кеңешме түзүлгөндөн бери секцияларга бөлүнүп иштеп жатат. Өткөн аптада анын мүчөлөрү жарандардан келген сунуштарды укту. Негизинен башкаруу системасы, адам укуктары боюнча көп сунуш түшүүдө.

«Катуу талкууга түшкөн маселе - эң биринчи эл бийлиги, эл бийлигин орнотуунун жолдору, шайлоо. Ошондой эле адам укуктары боюнча маселе да кызуу талкуу жаратып жатат. Адам укуктары боюнча өтө көп сунуштар болду», - деди Бөрүбашев.

Эске салсак, Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда түзүлүп, ишин баштаган.

Ага 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоорун жана аны референдумга чыгаруу маселесин талкуулоо милдети жүктөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости