www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Урматтуу" Алмаз Шаршенович! Токтоло элек жыйырма жашар жигит эмессиз. Жаңы эле үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп, башы айланып жаткан отуз жашыңыз алда качан эстен чыгып кеткен болуш керек.

Кыркка чыгып кычырап, анча-мынча адамдарды көзунө илбей көпкөн убагыңыз да алыс калган. Эр ортону элүү жаш дегендей, элүүгө толуп: уул үйлөп, кыз берип, адамга акыл толгон жашты да басып өттүңүз.

А түгүл пайгамбар жашты чапчыган, небере-чеберелерди жетелеп, тарбиялай турган алтымыштан өтүп, жетимишке жакындап калдыңыз.

Бирок, жетимишке чыккан аксакалдай болбой, алты жыл эл башкарган эл башчыга окшобой, кайда барсаңыз өзүңүзгө кошо каргаша, кыямат, кан төгүү, элдин ичин бүлүндүрүү сыяктуу ыплас аракеттериңизди алып барып жаттыңыз. Жетимишке жакындап калган адамдай болуп, арт жагыңызды бир кылчайып карап, бир саамга ойлонуп: "мен эмне үчүн мындай акмакчылыктарды кылып койдум, эмне үчүн дагы деле токтоно албай ыплас иштеримди улап жатам, эмне үчүн жаштар менен кошула борбор шаардын аянтында тополоң уюштуруп жүрөм, эмне үчүн балдарым, неберелерим менен тең жаштардын куугунтуктоосунда калып, картайган чагымда куучуңдап качып жүрөм, эмне үчүн төрдө олтуруп жаштардан ызат-урмат көрө албай калдым деген толгон токой суроолор башыңызга келбейби?

Басып өткөн ыплас жолуңузду, кыргыз элине кылган кыянатчылыктарыңыздын канча экенин бир өзүңүз, жана бир Кудай билет. А биз билгенибиз, ошол кылмыштарыңыздын жарымы болуш керек? Бизге ошол деле жетип, артат.

Менин айтайын дегеним: акыйкат бар экен. Мына сиздин акыркы барган жериңиз, илгери атууга өкүм чыгарылгандар убактынча камалган жер төлө имиш. Муну мен эң туура деп эсептейм, себеби сиздин кылмыштарыңыздын ар бири үчүн, бирден атуу берилет болчу. Кыргыз элин какшатып, карызга батырып, Кытайга кул боло турган акыбалга алып келген уурулуктарыңыздан топтогон арам акчаларыңыз өзүңүзгө да, балдарыңызга да буюрбайт. Ушуну сезип жатасызбы? Ден-соолугуңуз начар имиш, анын үстүнө ачарчылык жарыялапсыз.

Айтыңызчы, мындай болот экен, ошончо дүнүйөнү эмне үчүн, ким үчүн топтодуңуз? Наркы дүйнөгө алып кете албайсыз. Чачып, чардап, өзүңүз айтмакчы сауналарда сайрандай турган жаштан өткөнсүз. Балдар үчүн атаныкы буюрбайт. Ата бала үчүн: туулганда ысым коет, мусулман кылып адалдайт, багып чоңойтот, үйлөп, там салып берет. Андан нары бала өзүнө Кудай берген жашоосун улап, ырыскысын терип жейт. Сиздин арам акчаларыңыз аларга жукпайт. Суудуку сууга, оттуку отко дегендей, уурдап топтогон акчаларыңыз хан сарайда өзүңүздү коргогон жугундукорлорго, таш төктүргөнгө, курал сатып алганга, элди акча төлөп митинге сүйрөп чыкканга, Али Токтакунов, Азаттык сымал арамзаадаларга заказ берип бирөөнү каралатканга, жана башка ушул өңдүү арам иштерге жумшалып жатат. Ушул үчүн акча топтодуңуз беле?

Эми максатка өтөйүн: бар быдырыңызды мамлекетке өткөрүп, жок дегенде Кытайдан болгон карыздын жарымын төлөп койсоңуз, анда биз: "Атамбаевге жеңилдик бергиле" деп кыйкырып эле чыгабыз. "Төлөдө жатпасын" дейбиз. Мүмкүн, такыр эле эркиндикке коюп жиберсе деле макул дейбиз. Сиздин бөөдө бир нерсе болушуңузду каалабайбыз. Ден-соолугуңуз өзүңүзгө гана керек. Тигил жакка алып кете албаган акчаларыңызды, өзүңүз Кытайдан алган карызга төгүп койсоңуз, жүзүңүз бир аз тазаланып, күнөөңүз жеңилдеп, өзүңүздү адам катары сезип каласыз. Төкпөсөңүз, бул дүйнөдөн уурулук менен канча дүнүйө жыйнасаңыз, наркы дүнүйөгө ошончо каргыш алып кетесиз. Муну мен ойлоп тапканым жок, илгеркилер айтып келишкен.

Шамурза Бөрүкулов. 2020-жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости