www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-октябрь, жекшемби күнү коронавирус пандемиясына байланыштуу Германияга киргизилген чектөө чараларына каршы болгондор Берлиндин «Александр» аскердик аянтына чогулду. Демонстрация башталганга чейин аянтта эки миңдей адам болгонун жергиликтүү полиция билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары чектелген аралыкты сактабай, беткабы жок чыккандыктан жергиликтүү күч түзүмдөрү акция өткөрүүгө тыюу салышты. Бирок алар полициянын тарап кетүү чакырыгына көңүл бурушкан жок.
Демонстранттар: «Биз бул жердебиз. Алар бизди эркиндигибизден ажыраткандыгы үчүн ызы-чуу салып жатабыз!» — дешип, «Биз элбиз» деген ураан менен барабан кагып, ышкырып, кыйкырып турушкан. Элдин арасында жаш балдар, карылар болгон.
Мындан тышкары Берлиндин Бранденбург дарбазасынын жана Тиргартен паркындагы Жеңиш мамычасынын айланасында да бир нече нааразылык митинги болуп өттү. Демонстранттардын арасында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо саммитине каршы чыккан «Керденкен» демилгесинин («Адаттан тыш ойчулдар» ) мүчөлөрү да болгон.
25-октябрда башталган саясатчылардын жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эл аралык жолугушуусу алгач Берлиндин Космос жыйындар залында өтмөк, бирок пандемияга байланыштуу ал онлайн форматта өтө турган болду.
Булак: NazarNews.kg