www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык белгилүү «Гардиан» басылмасы окурмандарынын сунуштарынын негизинде 2021-жылы бара турган жайлардын тизмесин түздү. Тизменин биринчи сабында Кыргызстан турат.

Алар саякаттоо үчүн Кыргызстандагы Жеңиш чокусун өзгөчө белгилеп, ал эми өлкөнү Борбор Азиядагы «стандардын» эң жакшысы деп сыпаттаган.

Британиялык басылманын окурмандарынын бири Minnie Martin эгер эпидемиологиялык абал жакшы болсо, Кыргызстанга келүүгө ниеттенип турганын айткан. Анын пикиринде, Кыргызстан саякаттоо үчүн керемет өлкө.

«Бишкек — заманбап жана жандуу шаар, ал эми элет жеринде каада-салт менен жашаган көчмөндөрдү кезиктирүүгө болот. Кыргызстан — даамдуу жергиликтүү ашканасы бар дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири». 

«Гардиан» Улуу Британиядагы белгилүү басылмалардын бири. Ал күн сайын 160 миңден ашуун нуска менен чыгат. Гезиттин онлайн версиясынын катталуучулары 1 миллиондон ашык.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости