www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, анан эч нерсе болбогондой 10-сентябрда Ленин округу боюнча бир мандаттуу шайлоого катышууга ниети бар экенин Жаныбек Абиров кыйытты.
Кызыгы дал ушул Абиров мас болуп алып, кафеде адам сабаган чоң муштум зөөкүрлүгүнүн айынан мандатынан ажырап, кайра-кайра шайлоо өтүп, мамлекет ири чыгымга учурап жатат.
Анан баарын айрандатып коюп, кайра "эшек курту" ойгонуп, мансап үчүн 4-5 аялды өзү уюштуруп, "эл талапкерлигиңди кой" деп жатат деген жыландын башын кылтыйткан арамза жоругун коомчулук түшүнбөй калчудай болгон куйтулугуна таң бересиң...
Абировдо абийир болсо:
"Мага 1 жума мурун Ленин районунун жашоочулары кайрылган. Азыр ойлонуп жатабыз. Команда, үй-бүлөдө сүйлөшүү болуп жатат. Бул чечим оңой болбойт",- дебейт эле. Уят, баары менин кесепетимден болуп жатат демек.
Бирок, Жараткандын, мыйзамдын калыстыгы бар экен. Абиров абийирин жыйыштырып коюп, кайрадан депутат болгусу келип жутунган менен ага талапкерлигин коюга жол берилбестигин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, Абиров кайра шайлоонун дайындалышына себепкер болгондуктан шайлоого катыша албайт.
Бул тууралуу ал өз сөзүндө: "Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн. Атайы норма бар. Кайра шайлоонун дайындалышына ким себепчи болсо ошол адам катышпайт деген. Мурдагы депутат кайра шайлоонун дайындалышына себепкер болгон, катышканга укугу жок. Экинчи жагынан алып караганда моралдык жагы дагы бар. Мындай жоопкерчиликти оюнчук катары көрбөш керек", - деп белгиледи.
Булак: NazarNews.kg