www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 20-январда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өттү деп тааныды.
БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болсо, 1 млн 394 миң 218 адам добуш берген. Ал жалпы шайлоочулардын 39,12%ын түзөт. Анын ичинен президенттик башкарууга 1 млн 136 миң 155 адам (81,49%), парламенттик башкарууга 152 миң 81 адам (10,91%) жана бардык варианттарга каршыга 62 миң 265 адам (4,47%) добушун берген.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.
Булак: NazarNews.kg