www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кечээ, 21-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумга карата үгүт жүргүзө турган топторду каттоо маселесин талкуулады.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев түзгөн "Парламенттик башкаруу үчүн" демилгелүү үгүт тобу катталды.

Бекешев эми референдумду утурлай парламенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөй турганын, социалдык тармактар аркылуу парламентаризмдин артыкчылыктарын түшүндүрүп бергенге аракет көрөрүн билдирди.

Мыйзам жалпы элдик добуш берүүнүн алдында референдумга коюлган маселелерди колдогондордун жана каршылардын үгүт тобун түзүүгө уруксат берет.

Белгилей кетсек, Бекешев өткөн аптада үгүт тобун каттоо тууралуу БШКга арыз менен кайрылган.

Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдумда жарандарга үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүп, башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи окуудан, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости