www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу чечим бүгүн, 6-декабрда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, Араван, Кочкор, Чүй, Жайыл, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, мандатты кийинки депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө чечимин бекитүү токтомун кабыл алды.

Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Таалайбек Калмурзаевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен келишпей турган башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Маматразак Калмурзаевге берилди.

Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Гайратжон Каюмовдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Адылбек Мендибаевге ыйгарылды.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Каныбек Ыбышевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иши менен бирге алып кетүүгө болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Таалайбек Мыктыбековго берилди.

Нарын шаардык кеңешинин депутаты Анара Бердикожоеванын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты убактылуу иштебеген Гүлзат Нурманбетовага тапшырылды.

Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылдык кеңешинин депутаты Манас Осмоналиевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иши менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка баргандыгына байланыштуу жеке арзынын негизинде токтотулуп, мандаты фермер Нурсултан Бактыбаевге берилди.

Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Марс Ашировдун ыйгарым укуктары анын депутаттык иши менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка дайындалгандыгына байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты жеке ишкер Талантбек Ибраимовго тапшырылды.

Баткен облусундагы Кадамжай районундагы Бирлик айылдык кеңешинин депутаты Зиядалла Базарбаевдин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты кадастр кызматынын башкы адиси Асанбай Жороевге берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости