www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран жер астындагы заводдо уран байыткан центрифугаларды орнотууну пландоодо. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги БУУга караштуу Эл аралык атом энергиясы агенттигинин жашыруун баяндамасына таянып кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Иран Натанз шаарындагы жер астындагы заводдо үч даана IR-2m центрифугаларын орнотууну көздөйт. Бул аймак борбор Тегерандан болжол менен 300 км алыста жайгашкан.

Белгилей кетсек, 2015-жылы кудуреттүү өлкөлөр менен чогуу кол коюлган өзөктүк программага ылайык, Иран бул заводдо биринчи муундагы IR-1 центрифугалардан гана колдоно алат.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп 2018-жылы келишимден Вашингтонду чыгарып, Иранга каршы санкцияларды жарыялай баштаган. Андан бери Иран келишим шарттарын такай бузууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости