www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясы учурунда туугандарынан жана жакындарынан айрылган Кыргызстандын жарандарынын коомдук бирикмеси Башкы прокуратурага кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова Facebook баракчасына жазды.

Алар өлкөдөгү коронавирус пандемиясына даярдык көрүүгө жооптуу болгон аткаминерлерди жоопко тартууну суранышууда. Учурда прокуратурага арыз берүү үчүн кол топтоо иштери жүрүп жатат.

“Биз дарыгерлерге каршы эмеспиз, аларга түзүлгөн ыңгай-шартта дарыгерлер колунан келгендин барын жасашты. Биз пандемияга карата даярдык көрүүгө жооптуу болгон чиновниктер жоопко тартылыш керек деп эсептейбиз. Өз убагында дары-дармектер, медициналык жабдуулар (рентген, ИВЛ, КТ, кислороддук аппарат жана башка), дарыгерлерди өз убагында коргонуу каражаттары менен камсыз кылышкан эмес, лабораториялар даярдалган эмес (дарылоонун протоколуна ылайык карасак, бардык дарылоо 12 анализге негизделүүгө тийиш, региондогу лабораториялар болгону 3-4 анализ чыгара алат).

Биз эмдигиче коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн финансылык каражаттар кайда кеткени, гуманитардык жардамдар качан жана кайда бөлүнгөнү боюнча отчет ала элекпиз. Ошондой эле эмне үчүн дарылардын баасына көзөмөл болбогону суроо туудурат“, – дейт Турсунбекова.

Булак: NazarNews

Последние новости