www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Йемендеги «Ансар Аллах» кыймылынын хуситтери Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы эл аралык аэропортко жана өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик объектилерге баллистикалык ракеталар менен сокку урганын билдиришти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги маалымдады.

Кыймылдын аскердик өкүлү Яхья Сарианын айтымында, үч операция жүргүзүлүп, ондогон баллистикалык ракеталар колдонулган. Алардын бутага алган объектилеринин арасында Эр-Рияддагы Король Халид атындагы эл аралык аэропорт, Хамис-Мушайт шаарындагы авиабаза жана Жизандагы аскер-деңиз базасы бар.

Хуситтер эл аралык авиакомпанияларды жана жүргүнчүлөрдү Эр-Рияд аэропорту аркылуу учуудан баш тартууга чакырышты.

Белгилей кетсек, Йеменде хуситтер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышуу 2014-жылдан бери уланып келет.

Последние новости