www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда өспүрүмдөр арасындагы зомбулукка жана оор кылмыштарга катуу чара көрүлөрүн билдирди.
Жолугушууда жергиликтүү тургундардын бири мектепте каза болгон небересинин ишин жеке көзөмөлүнө алууну өтүндү.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, окуя ушул жылдын 18-сентябрында Курулуш айылында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, 11-класстын төрт окуучусу 9-класстын үч окуучусун туура эмес саламдашты деген шылтоо менен сабашкан. Натыйжада бир өспүрүм каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.
Президент мындай кылмыштарга кечирим болбошу керектигин баса белгиледи.
«Мектептерде баланы сабап өлтүргөндөргө ырайым жок, башкаларга сабак болот. Сүйлөшүп бошонуп кетпесин. Биз буга катуу карайбыз», — деди Садыр Жапаров.