www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский британиялык алып баруучу Стивен Бартлеттке берген маегинде көзүнө жаш алып, согуштан улам оор эмоционалдык абалды башынан өткөрүп жатканын жана уйкусу бузулганын айтты.
Зеленский балдары анын моралдык жактан бекем болушуна жардам берерин айтып, алардын атасы менен сыймыктанышын эң чоң тилеги катары белгиледи.
Ал Украинадагы согушту токтотуу үчүн ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоонун өзү чоң компромисс экенин билдирди. Ошондой эле Украинанын чыгышындагы шаарлардан аскерлерди чыгарып кетүү Орусиянын жаңы аймактарды басып алышына жол ачышы мүмкүн деп эскертти.
Зеленский АКШ президенти Дональд Трампты Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө отургузууга чакырып, Украинага энергетикалык инфраструктурасын коргоо үчүн абадан коргонуу ракеталары зарыл экенин белгиледи. Ал эми өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылып, Орусия мындай кадамга барбайт деп үмүттөнөрүн айтты.